Loading...

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонд BIFF2026 Бишкек Эл аралык Финансылык Форумуна катышты

2026-ж., 29-май
Постту бөлүшүү:

2026-жылдын 29-майында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уюштуруучулук өнүктүрүү кызматынын менеджери Турсунбаева Назгүл Каныбековна Hyatt Regency Bishkek мейманканасында өткөн BIFF2026 Бишкек Эл аралык Финансылык Форумуна катышты.

Форум Кыргызстандын Банктар союзу тарабынан Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте уюштурулуп, мамлекеттик органдардын, эл аралык финансылык уюмдардын, банк секторунун, IT жана финтех компаниялардын өкүлдөрүн, ошондой эле эл аралык эксперттерди жана өнөктөштөрдү бириктирди. Форумдун негизги темасы: «Санариптик трансформация доорундагы финансы: коопсуздук, инновациялар жана ишеним».

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар финансылык секторду өнүктүрүү, банктык кызматтарды санариптештирүү, инновациялык төлөм чечимдерин киргизүү, санариптик активдерди жана блокчейн технологияларын өнүктүрүү, киберкоопсуздукту камсыз кылуу, жасалма интеллектти финансылык чөйрөдө колдонуу жана финансылык сектордун мамлекеттик маалыматтык системалар менен өз ара аракеттенүүсүн өркүндөтүү маселелерин талкуулашты.

Форумга катышуу финансылык секторду санариптик трансформациялоонун заманбап эл аралык ыкмалары жана алдыңкы тажрыйбалары менен таанышууга, ошондой эле банктык жана финансылык коомчулуктун өкүлдөрү менен кесиптик байланыштарды түзүүгө жана бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берди.

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду кызматкерлердин кесиптик өнүгүүсүнө жана эл аралык мыкты тажрыйбаларды өздөштүрүүгө өзгөчө көңүл буруп, Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууну улантат.