Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен «Гарантиялык фонд» ААКнын кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюу тууралуу
Бишкек, 2025-жылдын 3-ноябры. Өнөктөштүк мамилелерди кеңейтүү жана чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү максатында Венгерия-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен «Гарантиялык фонд» ачык акционердик коому кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюшту.
Документке Венгерия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы Улан Кытайбекович жана «Гарантиялык фонд» ААКнын Башкармалыгынын төрагасы Малик-Айдар Абакиров кол коюшту.
Макулдашуу тажрыйба алмашууну, биргелешкен консультациялык иш-чараларды өткөрүүнү, ошондой эле ишкерлердин каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган долбоорлорго катышууну карайт. Бул макулдашууга кол коюу эки өнүгүү институтунун практикалык кызматташтыгынын негизин түзүп, экономикалык байланыштарды чыңдоого, бизнеске колдоо көрсөтүүгө жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүгө өбөлгө болот.