Loading...

Улуттук форум CSF-2025

2025-ж., 15-декабрь
Постту бөлүшүү:

Бишкек шаарында «Чаткал районунда улуттук лейбл-пилотту жана климаттык каржылоону ишке киргизүү боюнча сунуш» аттуу Улуттук форум (CSF-2025) өттү. Форумдун алкагында Чаткал аймагында жашыл экономиканын пилоттук зонасын түзүү жана эл аралык климаттык каржылоону тартуу механизмдери боюнча концепция сунушталды. Иш-чарага өкмөттүн, тармактык министрликтердин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты. Венгрия–Кыргыз өнүктүрүү фондунун атынан Каржы жана аналитика кызматынын менеджери Урмат Кыдырганов катышты.

Форумдун жүрүшүндө Чаткалдын жаратылыштык потенциалы боюнча илимий-аналитикалык материалдар сунушталып, келечектеги лейбл-пилоттун институционалдык модели жана өнүгүүнүн негизги багыттары — энергетика, айыл чарбасы, кичи жана орто бизнес, туризм жана креативдүү индустриялар талкууланды. Эксперттер чакан ГЭСтерди өнүктүрүү, агрардык секторду модернизациялоо, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдү колдоо жана жыл бою иштей турган туристтик кластер түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурушту.

Форумдун жабык бөлүгүндө эл аралык өнөктөштөр менен мындан аркы кадамдар макулдашылды — ведомстволор аралык жумушчу топ түзүү, пилотту ишке киргизүү боюнча нормативдик акттын долбоорун даярдоо жана эл аралык климаттык каржылоого алдын ала суроо-талапты калыптандыруу.

Жыйынтыктоочу сөзүндө өкмөт Чаткал районунда жашыл экономика жана климаттык туруктуулуктун пилоттук зонасын түзүү боюнча чечимди даярдоонун башталганын жарыялап, бул аймактын өнүгүүсүндөгү жаңы этап болорун белгиледи. Форум пресс-подход, нетворкинг жана жабылуу аземи менен жыйынтыкталып, Чаткал районунун туруктуу өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди колдоого мамлекеттик түзүмдөрдүн жана өнөктөштөрдүн жогорку кызыгуусун тастыктады.