Loading...

Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фонду «Агродиалог – 2026» форумуна катышты.

2026-ж., 23-февраль
Постту бөлүшүү:

2026-жылдын 18 – 21-февраль күндөрү Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фонду «Агродиалог – 2026» тармактык форумуна катышты. Форум Бишкек шаарындагы Кыргыз улуттук агрардык университети К. И. Скрябин атындагы базасында өткөрүлдү.

Форумда мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын, ишкерлердин, фермерлердин жана финансылык институттардын өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын негизги максаты Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү, заманбап технологияларды киргизүү, айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо жана жергиликтүү продукциянын экспорттук потенциалын кеңейтүү.

Фонд тарабынан иш-чарага кредиттөө жана инвестициялоо кызматындагы кызматкерлер катышты: Чыныбекова Мээрим Болотбековна (18–20-февраль) жана Кыштообеков Мелис Жамгырбекович (21-февраль). B2B аянтчасынын алкагында агрардык жана кайра иштетүү секторунун ишкерлерине бир катар консультациялар өткөрүлдү. Жолугушууларда инвестициялык долбоорлорду каржылоо маселелери, кредиттик колдоонун шарттары, долбоордук демилгелерге коюлуучу талаптар, арыздарды берүү тартиби жана зарыл документтердин тизмеси талкууланды. Ишкерлер Фонддун агроөнөр жай өндүрүшү жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча долбоорлорду каржылоо инструменттерине кызыгуу көрсөтүштү.

21-февралда форумдун жыйынтыктоочу программасы өтүп, анын алкагында тармактын 2025-жылдагы ишинин жыйынтыктары чыгарылып, агроөнөр жай комплексин мындан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары белгиленди. Форумдун жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдардын, тармактык ассоциациялардын жана Кыргыз Республикасынын бизнес коомчулугунун өкүлдөрү менен иш байланышы орнотулду, бул инвестициялык демилгелерди алдыга жылдыруу жана кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн негиз түзөт.

Венгрия-Кыргыз өнүгүү Фондунун «Агродиалог – 2026» форумуна катышуусу Фонддун агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүдө активдүү финансылык өнөктөш катары статусун тастыктап, ишкерлерди каржылоо механизмдери тууралуу маалымдуулукту жогорулатты.