ВКӨФ органикалык айыл чарба тармагында ФАО менен кызматташууну талкуулады
2026-жылдын 5-мартында Венгрия-Кыргыз Өнүктүрүү Фондунун кеңсесинде Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму (ФАО) өкүлү менен жумушчу жолугушуу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ФАОнун Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын, анын ичинде туруктуу органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү, фермерлерди колдоо, инновациялык технологияларды киргизүү жана азык-түлүк коопсуздугун жогорулатуу маселелерин талкуулашты. ФАОнун өкүлү ошондой эле агрардык секторду колдоого багытталган ишке ашырылып жаткан программалар тууралуу маалымат берип, бизнес-пландарды иштеп чыгууга багытталган RuralInvest программасын жана товар өндүрүүчүлөрдүн бирикмелерин каржылоо программасын тааныштырды.
Фонддун Башкармалыгынын төрагасы Улан Сарбанов долбоорлорду каржылоо механизмдери жана Фонддун инвестициялык талаптары тууралуу кеңири маалымат берди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, айыл чарба тармагын өнүктүрүү боюнча кызматташуунун мүмкүн болгон багыттарын талкуулоо үчүн жумушчу консультацияларды улантууну макулдашышты.