Азиянын өнүгүүсүнө сереп – Апрель 2026
2026-жылдын апрель айына карата жаңыланган Азиянын өнүгүү боюнча баяндамасынын бет ачарына арналган иш-чара Бишкек шаарында Азия өнүктүрүү банкы тарабынан уюштурулуп өттү.
Иш-чараны ачуу сөзү менен Чжэн Ву чыгып, аймактагы туруктуу экономикалык өнүгүүнүн маанилүүлүгүн жана Кыргыз Республикасы менен өнөктөштүктү чыңдоонун зарылдыгын белгиледи.
Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун атынан иш-чарага Фонддун аудитору Жапаркулова Айша Асанкуловна катышты.
Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын экономикасынын учурдагы абалы жана өнүгүү келечеги боюнча аналитикалык баяндама сунушталды. Баяндама менен Гүлнур Керимкулова чыгып, негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр, чакырыктар жана улуттук экономиканын өсүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Өзгөчө көңүл туруктуу өнүгүү, инвестициялык климат жана дүйнөлүк экономикалык тенденциялардын Борбор Азия өлкөлөрүнө тийгизген таасирине бурулду.
Презентациянын соңунда суроо-жооп сессиясы өтүп, анын жүрүшүндө катышуучулар экономикалык саясаттын актуалдуу маселелерин жана мындан аркы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.