19-майы өтө турган II Венгрия–Кыргызстан тамак-аш өнөр жай форуму тууралуу
Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги Венгрия–Кыргызстан Өнүктүрүү Фонду менен биргеликте сиздерди II Венгрия–Кыргызстан тамак-аш өнөр жай форумуна катышууга чакырат!
Сиздерди жашылча-жемиштерди жана сүт азыктарын кайра иштетүү үчүн жабдууларды өндүргөн алдыңкы венгриялык компаниялар менен жолугушуу күтөт: InnovaSter-Trade, Maurer Gép жана Unimatik. Биринчи форумдун жыйынтыгы боюнча кыргыз жана венгриялык компаниялар тарабынан иштеп жаткан өндүрүш линияларын жакшыртууга же жаңы линияларды ачууга чоң кызыгуу байкалган. Учурда 12 кыргыз компаниясы 2 венгриялык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Алардын арасында ири жана чакан ишканалар бар, бул венгриялык тажрыйбага болгон кызыгуунун жогору экенин көрсөтөт. Форумдун тематикасы Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүү жана азык-түлүк коопсуздугу боюнча стратегиясына шайкеш келет.
Катышуу алдын ала каттоо аркылуу жүргүзүлөт, анткени орундар чектелүү.
Биз форумда сиздер менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөбүз жана бул иш-чара Венгрия менен Кыргызстандын ортосундагы тамак-аш өнөр жай тармагындагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты чыңдоого өбөлгө түзөт деп ишенебиз.
Маалымат: I Венгрия–Кыргызстан тамак-аш өнөр жай форумунун жыйынтыктарын төмөндөн жүктөп алсаңыз болот.