Loading...

Фонд жана «НЕМАН-ФАРМ» инвестициялык долбоорду ишке ашырууну баштады

2026-ж., 13-май
Постту бөлүшүү:

2026-жылдын 13-майында Венгерско-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (ВКӨФ) кеңсесинде Кыргызстандын ири фармацевтикалык операторлорунун бири болгон «НЕМАН-ФАРМ» ЖЧКсы үчүн узак мөөнөттүү кредиттик линияны ишке ашыруунун алкагында документтер пакетине расмий кол коюу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Фонддун жана «НЕМАН-ФАРМ» компаниясынын жетекчилиги катышты. Тараптар долбоордун активдүү фазага өтүүсүн бекитип, өлкөнүн дары-дармек коопсуздугун чыңдоого, Венгриянын алдыңкы фармацевтикалык өндүрүүчүлөрү менен түз келишимдерди өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын ички рыногунда жашоо үчүн маанилүү дары-дармектердин ассортиментин кеңейтүүгө багытталган кызматташуунун стратегиялык параметрлерин талкуулашты.

Жолугушуунун алкагында каржылоонун биринчи этабы жол-жоболоштурулуп, каражаттар Венгриядан фармацевтикалык продукцияларды сатып алууга багытталат. Ачылган кредиттик линиянын жалпы лимити саламаттык сактоо системасынын муктаждыктарына жараша жеткирүүлөрдүн көлөмүн этап-этабы менен көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

«Бул долбоорду ишке ашыруу соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Биз ата мекендик дистрибьюторду калкты европалык сапаттагы заманбап жана ишенимдүү дары-дармектер менен камсыз кылуу аракетинде колдойбуз», — деп белгилешти Фонддун жетекчилиги.

Өз кезегинде, «НЕМАН-ФАРМ» ЖЧКсынын башкы директору Фондго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, бул өнөктөштүк фармацевтика тармагынын ийгиликтүү өнүгүүсүнүн кепилдиги болооруна ишенимин билдирди. Ал тараптарга үзүрлүү кызматташтыкты жана коюлган бардык милдеттерди натыйжалуу ишке ашырууну каалады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар узак мөөнөттүү өнөктөштүккө даяр экендиктерин ырастап, милдеттенмелерди практикалык ишке ашырууга өтүштү.