II Венгрия-Кыргызстан Тамак-аш өнөр жай форуму
2026-жылдын 19-майында Бишкек шаарындагы «Будапешт» конференц-залында II Венгрия-Кыргызстан Тамак-аш өнөр жай форуму болуп өттү. Форум Венгрия менен Кыргыз Республикасынын компанияларынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле тамак-аш өнөр жайы жана кайра иштетүү тармагындагы өнөктөштүк байланыштарды кеңейтүүгө багытталды.
Форумдун катышуучуларына Венгриянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Sándor Dorogi, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү Sanazhar Dyykanov, ФАОнун өкүлү Oleg Guchgeldiyev, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Almaz Imangaziyev куттуктоо сөздөрү менен кайрылышты.
Иш-чарага Венгрия-Кыргызстан Өнүктүрүү Фондунан Башкармалыктын төрагасы Ulan Sarbanov жана Башкармалыктын төрагасынын орун басары Kanat Kurmanov катышты.
Форумдун расмий бөлүгүндө Улан Сарбанов Фонддун ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасап, тамак-аш өнөр жайы, агро кайра иштетүү, канаттуулар чарбасы, фармацевтика жана энергетика тармактарындагы ишке ашырылып жаткан жана келечектүү долбоорлор тууралуу маалымат берди. Фонд өндүрүштөрдү модернизациялоого, заманбап технологияларды киргизүүгө жана кыргыз-венгр инвестициялык кызматташтыгын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду активдүү колдоону улантып жатканы белгиленди. Ошондой эле каржыланган долбоорлордо венгр тараптын милдеттүү катышуусуна өзгөчө көңүл бурулуп, бул эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө өбөлгө түзөрү айтылды.
Форум B2B форматындагы жолугушуулар менен жыйынтыкталып, анын жүрүшүндө кыргыз жана венгр бизнес өкүлдөрү өнөктөштүктүн келечеги, технология алмашуу жана биргелешкен инвестициялык демилгелерди ишке ашыруу маселелерин талкуулашты.