Венгрия-Кыргыз бизнес-форуму: Эки тараптуу экономикалык кызматташтыкты чыңдоо
2025-жылдын 21-ноябрында Будапешт шаарындагы Kimpton BEM Budapest мейманканасында HEPA — Венгриянын экспортту илгерилетүү агенттигинин колдоосу менен уюштурулган Венгрия–Кыргызстан бизнес-форуму болуп өттү. Иш-чара эки өлкө ортосундагы экономикалык байланышты чыңдоого, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү таанытууга жана келечектүү кызматташтык багыттарын талкуулоого багытталган маанилүү аянтча болду.
Венгрия–Кыргызстан Өнүктүрүү Фондунан иш-чарага Фонддун Башкармалыгынын төрага орун басары Канат Курманов жана Кредиттерди жана инвестицияларды администрлөө кызматынын эксперти Бахтияр Султанов катышты.
Форум англис, орус жана венгр тилдеринде өттү. Модератор болуп HEPA уюмунун өкүлү мырза Аттила Немет чыкты. Иш-чаранын башында Венгриянын Тышкы иштер министрлигинин эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчысы айым Боглáрка Иллéш, жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри мырза Бакы Сыдыков саламдашуу сөздөрүн айтышты.
Форумдун катышуучулары эки мамлекеттин ортосундагы экономикалык жана инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттарын чагылдырган бир катар презентацияларды угушту. Кыргызстанга инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө, экспорттук кызматташтыктын келечегине, туризмди өнүктүрүү потенциалына жана суу ресурстарын туруктуу башкаруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Программанын өзүнчө басым жасалган бөлүгү болуп Фонддун төрага орун басары Канат Курмановдун презентациясы саналат. Ал өз сөзүндө Фонддун инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү жана ишкерлердин биргелешкен демилгелерин колдоо боюнча пландарын жана приоритеттерин сунуштады.
Негизги сессиядан кийин катышуучулар networking-түшкү тамак форматында маектешүүнү улантып, пикир алышууга жана кесиптик байланыштарды чыңдоого мүмкүнчүлүк алышты. Форумдун жыйынтык бөлүгү конкреттүү долбоорлорду талкуулоого жана жаңы экономикалык өсүү чекиттерин аныктоого багытталган B2B жана B2G жолугушуулары менен уланды.
Венгрия–Кыргызстан Өнүктүрүү Фонду форумдун катышуучуларынын эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон жогорку кызыгуусун белгилеп, конструктивдүү жана натыйжалуу диалог аянтчасын түзүп берген уюштуруучуларга ыраазычылык билдирет.