Loading...

Кыргыз Республикасынын каржы секторунун өкүлдөрү менен ишкердик эртең мененки жолугушуу

2026-ж., 13-февраль
Постту бөлүшүү:

2026-жылдын 13-февралында Бишкек шаарындагы «Фрунзе» ресторанында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасынын банк жана каржы секторунун өкүлдөрүнүн катышуусу менен ишкердик эртең мененки жолугушуу болуп өттү.

Иш-чаранын негизги максаты — Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасын ишке ашырууда банк жана каржы секторунун ролу боюнча бирдиктүү көз карашты калыптандыруу, ошондой эле өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүн камсыз кылуу үчүн каржы системасын трансформациялоого багытталган макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу болуп саналат.

Ишкердик эртең мененки жолугушуунун жүрүшүндө 2030-жылга чейинки өнүгүү боюнча белгиленген максаттарга жетишүү үчүн мамлекеттик органдар, өнүктүрүү фонддору, коммерциялык банктар жана каржы рыногунун башка катышуучулары ортосундагы каржылык инструменттерди колдонуу, жөнгө салуучу чечимдер жана өз ара аракеттенүү механизмдери боюнча практикалык диалог жүргүзүлдү.

Катышуучулар банк секторунун өнүгүү саясатын мамлекеттик экономикалык саясат менен шайкеш келтирүү, учурдагы тоскоолдуктарды жоюу, каржы рыногун өнүктүрүүдөгү артыкчылыктуу багыттарды аныктоо, ошондой эле реалдуу секторду узак мөөнөттүү каржылоонун жаңы механизмдерин түзүү маселелерин талкуулашты.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, банк жана каржы секторунун, ошондой эле эл аралык өнүктүрүү институттарынын өкүлдөрү катышты. Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фонду атынан ишкердик эртең мененки жолугушууга Башкармалыктын Төрагасынын орун басары Канат Курманов катышты.