Loading...

Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин жыйыны жөнүндө

2026-ж., 18-март
Постту бөлүшүү:

2026-жылдын 17-мартында Бишкек шаарында Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Кеңешинин №22 кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйынды Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков жетектеди. Жыйынга Кеңештин төрагасынын орун басары, Венгриянын Ташкент шаарындагы Элчилигинин экономикалык маселелер боюнча атташеси Мартон Ковач; Кеңештин мүчөсү, Венгриянын Санкт-Петербург шаарындагы Башкы консулдугунун экономикалык маселелер боюнча атташеси Давид Батари; Кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын финансы министринин биринчи орун басары Руслан Суйналиев; ошондой эле Кеңештин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Кеңеш фармацевтика жана канаттуулар чарбасы тармагындагы эки долбоорду каржылоону жактырды, Фонддун 2026–2028-жылдарга өнүгүү стратегиясын, 2026-жылга иш планын кабыл алды, 2025-жылдагы бюджеттин аткарылышын карап чыгып, 2026-жылга Фонддун бюджетин бекитти. Ошондой эле мурда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы каралып, Фонддун каражаттарынын эсебинен каржыланган операциялардын натыйжалуулугу боюнча Башкарманын 2025-жылдын 12 айы үчүн отчету угулду. Мындан тышкары, Кеңеш Фонддун бир катар ички ченемдик документтерин, анын ичинде активдерди классификациялоо жана мүмкүн болуучу жоготуулар боюнча резервдерди түзүү, ошондой эле кызматкерлердин эмгек акысын төлөө тартиби боюнча документтерди кабыл алды.