Эмгекти коргоонун бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган тегерек столдун ишине катышуу жөнүндө
2026-жылдын 27-апрелинде Бишкек шаарындагы Парк Отель Бишкек мейманканасында «Эмгекти коргоо системасын өркүндөтүү жана эмгек чөйрөсүндө зомбулукту жана куугунтуктоону алдын алуу жана жоюу боюнча убактылуу нускаманы киргизүү» темасында тегерек стол өткөрүлдү.
Иш-чара Эмгекти коргоонун дүйнөлүк күнү алкагында уюштурулуп, мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши, кесиптик бирликтердин, эл аралык уюмдардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди. Куттуктоо сөздөрү менен Жогорку Кеңештин депутаты Гулнара Баатырова, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов, ошондой эле Кыргызстандагы Солидардуулук борборунун директору Лола Абдукадырова чыгышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө эмгекти коргоо жаатындагы мыйзамдарды өркүндөтүүнүн негизги маселелери, анын ичинде Эмгек кодексине жана «Эмгекти коргоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр талкууланды. Ошондой эле эмгек мыйзамдарын сактоону көзөмөлдөгөн органдардын ишмердүүлүгүнө жана жумуш орундарындагы зомбулук жана куугунтуктоону алдын алуу, аныктоо жана кароо тартиби боюнча убактылуу нускаманы тааныштыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чарага Венгерско-Кыргызский фонд развитиянын Финансы жана аналитика кызматынын менеджери — Уюштуруу бөлүмүнүн менеджеринин милдетин аткаруучу Урмат Кыдырганов катышты.
Белгиленгендей, Венгерско-Кыргызский фонд развития кызматкерлердин корпоративдик этика жана жүрүм-турум кодексин, ошондой эле гендердик тең салмактуулук принциптерин карманат.
Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар эмгекти коргоо системасын мындан ары өнүктүрүүнүн жана кызматкерлердин укуктарын коргоону күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.